• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19: Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 30 миң 868

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Коронавирус аныктоо үчүн жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 30 миң 868ди түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 31 миң 460ты түзөт. “Ал эми алардын ичинен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 30 миң 868ди түзөт. Сутка ичинде 1 миң 850 изилдөө жүргүзүлгөн. Анын 17синде вирус бар экендиги аныкталган”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий