• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 жана этиологиясы аныкталбаган пневмония менен ооруган бейтаптар акысыз дарыланат – ММКФ

Ден соолук 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Стационарларда COVID-19 жана этиологиясы аныкталбаган пневмония менен ооругандарды, андан тышкары, чет элдик жарандарды дарылоо акысыз негизде жүргүзүлөт. Бул тууралуу КРнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам маалыматтарга караганда, 2020-жылы лабораториялык тастыкталган COVID-19 менен ооруган 16 миң 177 учур, ал эми байланышка чыккан адамдарга байланыштуу 8 миң 912 учур ооруканаларда дарыланган. Кызмат көрсөтүүнү каржылоонун көлөмү 41,1 миллион сомду түздү.

Мындан тышкары, лабораториялык тастыкталбаган COVID-19 диогнозу менен дарылангандардын саны 23 миң 805ке жетип, каржылоонун көлөмү 106, 4 млн сомду түздү.

Бардык каражат ММКФ республиканын ооруканаларын жалпы каржылоонун алкагында төлөндү.

Коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды, анын ичинде этиологиясы белгисиз пневмонияны жана терс ПЧР натыйжасы менен COVID-19га шектүү адамдарды дарылоо, ошондой эле байланышкан адамдардын, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын ооруканаларда дарылануусу акысыз негизде жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн оорулууларды дарылоо боюнча каржылык чыгымдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун эсебинен жабылат.

ММКФ ооруканада каржылоонун ачыктыгын жана негизделишин камсыз кылуу максатында COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоого байланыштуу дарыланган учурларды эсепке алуу жана байланышка чыккан адамдарды көзөмөлдөө үчүн атайын “COVID-19 бейтаптарын дарылоо” программасын иштеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий