• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19 жана пневмония: Бүгүн түркиялык адистер кеңеш берет

Ден соолук 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Онлайн университети платформасы 9-июлда саат 18:00дө “COVID-19 жана пневмония: Түркиялык адистердин кеңеши” темасында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда түркиялык адистер, дарыгерлер COVID-19 жана пневмония боюнча маалыматтарды бөлүшөт жана катышуучулардын суроолоруна жооп беришет.

Ошондой эле бул оор кырдаалда кантип дарылануу, кайсыл жакка кайрылуу жана жардамга муктаж адамдарга кантип жардам берүү боюнча кеңештерин беришет.

Вебинардын спикерлери Түркиянын Стамбул шаарындагы дүйнөлүк стандарттарга ылайык медициналык жардам көрсөткөн Medivia Hospital жеке менчик клиникасынын адистери катышат. Алсак, клиниканын башчысы Завер Элиш, Стамбул, Medivia Hospital жеке менчик клиникасынын түптөөчүлөрүнүн бири, Кыргызстан боюнча эксперти Лира Сыдыкова, врач-вирусолог, Medivia Hospital жеке менчик клиникасынын түптөөчүлөрүнүн дагы бирөөсү, компаниянын Кыргызстан боюнча эксперти Мехмет Яахуоглу, аталган клиниканын врач-терапевти Өзжан Туркмен Учурдум катышат.

Пикир

Оставить комментарий