• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Жашы жете элек 62 бала бар — Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын жаш курагы

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20 /Кабар/. Кыргызстанда лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургундардын саны 590 адамга жетти. Алардын ичинен 216сы айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 321 - аял, 269 - эркектер.

Жаш курактары;

-15 жашка чейин - 62, алардын ичинен төртөө бир жашка чейинки наристе,

-16 жаштан 19 жашка чейин - 16 адам,

-20 жаштан 35 жашка чейин - 155 адам,

-35 жаштан 55 жашка чейин - 219 адам,

- 55 жаштан улуулар - 138ди түзөт.

Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий