• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Жээнбеков дарыгердин каза болгондугуна байланыштуу жакындарына көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Ош облусунун Кара-Кулжа районунундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун коронавирустан каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде экинчи медик каза болду. Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта биздин дарыгерлерибиз жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп жатышат. Тилекке каршы, биз кызматтык милдеттерин аткарып жатып илдет жугузуп алган дарыгерибизди сактай албадык», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков Альберт Исмаиловдун көп жылдан бери медициналык милдетин ак дилинен аткарган, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин элдин саламаттыгын коргоого калкан болуп берген өз ишине берилгендиктин өрнөгү болуп каларын баса белгиледи.

«Альберт Исмаиловдун элеси кесиптештеринин, бейтаптарынын жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий