• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Жээнбеков Россиядан вакцина алуу боюнча айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде коронавируска байланыштуу Россиядан вакцина алуу боюнча айтып берди.

«Бул боюнча дагы Владимир Владимирович Путин менен сүйлөштүк. Мен ал кишини дагы куттуктадым. Чынында, бул вакцинаны бүт дүйнө жүзү күтүп жаткан, бардык жерде кыйынчылык болуп жатат да. Ушул вакцинага баарыбыз тең чоң ишенич артып жатабыз, ушул ооруну токтотсок деген. Бул маселени сүйлөштүк. Буйруса, бул боюнча биздин тиешелүү мамлекеттик органдар иштеп жатышат. Анан өздөрү баштагандан кийин бизге дагы берүү боюнча маселе чечилди. Алар дагы эми баштап жатышат. Буйруса, алып келебиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий