• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда COVID-19 жуккан бейтаптардын тамак-ашына бир күндө канча акча бөлүнүп жатат? Жооп

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20/ Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев онлайн-брифингдин жүрүшүндө COVID-19 жуктуруп алган бейтаптардын тамак-ашына канча каражат бөлүнүп жаткандыгын айтып берди.

“Коронавирус диагнозу менен жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан бейтаптардын тамак-ашына бир күндө 175 сомдон бөлүнүп жатат. Эртең менен бейтаптарга сүттүү ботко, жумуртка жана жемиштер берилсе, ал эми түшкү жана кечки тамакка биринчи, экинчи жана салат берилет”, - деди башкы дарыгер.

Ал баса белгилегендей, коронавирус менен ооруган бейтаптардын тамактануу рациону башкалардыкынан айрымаланат, анткени алардын иммунитетин көтөрүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий