• 84.8
  • 102.11
  • 1.15

COVID-19: Жумгалда жалгыз бой жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйлөрү дезинфекцияланды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Жумгал районунда жалгыз бой жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрү дезинфекцияланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында жер жерлерде ыктыярдуу топтор түзүлүп, райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жалгыз бой жана улгайган 110 жашоочунун үйлөрүндө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

“Ошондой эле керектүү антисептик каражаттары менен камсыз кылып, ар бир жаранга коронавирус инфекциясынан кантип сактануунун жолдорун түшүндүрүп беришти. Мындан тышкары, өтө муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк, дары-дармек, медициналык беткаптар менен камсыз кылушууда. Бул иш улана берет”, - деп айтылат маалыматта

Пикир

Оставить комментарий