• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда абал курч болууда – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда коронавируска байланыштуу абал курч болууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Ат-Башы, Жумгал, Кочкор районунда абал жакшы. Нарын районунда абалды туруктуу кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Каратаевдин айтымында, Нарын облусундагы биринчи учур Нарын шаарында 28-мартта катталган. "Ал жаран Пакистандан келген", - деди ал.

Экинчи учур Ат-Башыда катталып, Ош, Баткенден дааваттан келген жарандан коронавирус аныкталган. Үчүнчү учур Кочкор районунда катталып, Пакикстандан келген жарандан коронавирус чыккан.

"Андан кийин 7-апрелде Кочкордо Делиден келген жарандан коронавирус табылган", - деди ал.

Каратаевдин айтымында, 194 учурдун 85и Нарын шаарында, Ат-Башыда – 77, Жумгалда – 14, Ак-Талаада – 10, Нарын районунда – 5 жана Кочкор районунда 3 учур катталган. Учурда облуста коронавирус жуктурган 68 киши бейтапканаларда дарыланып жатат.

"Катталгандардын көпчүлүгү медицина кызматкерлери болуп жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ичинде да көп учурлар катталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий