• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Азык-түлүк жеткирген ыктыярчылардын коопсуздугу кандай каралган?

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ыктыярчы Урмат Насыкулов колдоого муктаж жарандарга азык-түлүк жеткирген ыктыярчылар коронавируска байланыштуу кандай коопсуздук чараларын көрүшөт деген суроого жооп берди.

"Азык-түлүк жеткирердин алдында баары тиешелүү окуудан өтүшөт. Баарына беткап, антисептикалык каражаттар берилет. Ошондой эле азык-түлүк жеткиргенде үйгө кирбегиле деп айтылат. Аларга аралыкты болушунча сактоосу керектиги эскертилет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-апрелге карата коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 111ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий