• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19дан үч кыргызстандык каза болуп, 49 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 13-февралга карата коронавирус 49 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 238 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 513 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 286 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 20 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 735 киши айыгып чыкса, 2 миң 927 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий