• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

COVID-19дан үч кыргызстандык каза болуп, 83 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 63, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 380 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 519 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 89 киши айыгып чыкса, 2 миң 905 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий