• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19дан эки кыргызстандык каза болуп, 119 киши айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 21-февралга карата коронавирус 15 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 10, Ош облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 119 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 235 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 218 киши айыгып чыкса, 2 миң 946 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий