• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19дан эки кыргызстандык каза болуп, 216 киши айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 17-февралга карата коронавирус 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 216 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 754 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 214 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 601 киши айыгып чыкса, 2 миң 937 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий