• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19дан эки кыргызстандык каза болуп, 55 жаңы учур катталды. Соңку маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 15-февралга карата коронавирус 55 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусугда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 428 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 18 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 121 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 178 киши айыгып чыкса, 2 миң 932 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий