• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19дан каза болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилген

COVID - 19 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. COVID-19дан каза болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Эскерте кестек, буга чейин COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылап жатып коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сом кенемте төлөнөрү, ал эми медицина кызматкери коронавирустан каза болсо анын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кенемте берилери айтылган.

"Медициналык мекемелерде атайын комиссиялар түзүлгөн. Бүгүнкү күнү коронавирустан каза болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон кенемте которулду. Жалпы 34 учур боюнча документтер каралып, комиссия иштеп жатат", - деди ал.

Анын айтымында, коронавирусту иш учурунда жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча комиссиянын кароосуна 800гө жакын документ келип түшкөн.

"Бүгүнкү күнгө карата 7 медицина кызматкери 200 миң сомдон алышкан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий