• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19дан кийинки синдромдун пайда болушунун негизги себептери

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Тилекке каршы жаңы коронавирус азырынча толук изилдене элек олуттуу кесепеттерге алып келүүдө. "Ковидден кийинки синдром" бир катар жагымсыз белгилерди камтыйт. Алардын айрымдары кыска мөөнөттүү болуп, айыккан соң бир нече жумадан кийин өтүп кетет, башкалары узак убакытка чейин сакталып калат.

Коронавирустан кийинки синдромдун пайда болушунун негизги себептери

Коронавирус менен ооруган адам толук айыккан катары эсептелбейт. Калып калган белгилер организмдин алсыз, дыкат көңүл бурууну жана калыбына келтирүүчү чараларды талап кылган жерлерин көрсөтөт.

Вирус нейротоксиндүү болуп чыкты: кыймыл жана сезүү функцияларын бузуп, тактилдик жана оору сезгичтигине таасир этет. Жашоо үчүн маанилүү системалардын (дем алуу, кан айлануу, тамак сиңирүү) жөнгө салуу механизмдеринин бузулушу адамдын саламаттыгынын олуттуу начарлашына алып келет. Ковид менен ооруган адамдын өнөкөт оорулары бар болсо, ал тургай ремиссия абалында болсо, вирус алардын көпчүлүгүнүн өтүшүн оорлоштуруп жиберет.

Эгерде коронавирустан айыккандан кийин бир-эки ай өткөн соң дем алуу же алсыздык түрүндөгү жагымсыз белгилер сакталып калса, өпкөнүн иштешин текшерип (пульсоксиметрия, спирометрия), дарыгерге кайрылуу керек.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр.

Пикир

Оставить комментарий