• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19дун жаңы 276 учуру катталып, төрт кыргызстандык каза болду. Соңку маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 30.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 30-январга карата коронавирус 276 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 164, Чүй облусунда – 41, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 13, Нарын облусунда – 6, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 456 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт кыргызстандык каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 474 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 242 адам дарыланууда.

Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуккан 8 жаңы учур катталды, Бишкекте үч, Чүй облусунда беш. Медиктер арасында коронавирус жуккан жалпы 7 миң 689 учур катталган. Акыркы сутка ичинде стационардан 5 медкызматкер, үй карантининен 17 медик сакайып чыкты. Жалпы республика боюнча 7 миң 148 медицина кызматкери илдетти жеңди.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 187 000 киши айыгып чыкса, 2 миң 876 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий