• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн чет өлкөлүктөрдөн кандай документ талап кылынат?

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү үчүн кошумча эмдөө пункттары ачылды.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Кабар» агенттигине КРнын жараны болуп саналбагандар эмдөөдөн өтүү үчүн кандай документтер керектелерин айтып берди.

«Биз азыр жарандарды массалык эмдөөнү баштадык. Вакцина алууну каалагандардын бары ала алышат. Эгер азыркы учурда КРнын аймагында жүргөн чет өлкөлүктөр же эмгек мигранттары эмдөөдөн өтүүнү кааласа паспорт жана иштеген жеринен маалымкаты менен келишсе аларга вакцина сайылат»,-деди ал.

Ал белгилегендей, 18 жаштан ашкан бардык жарандар вакцина ала алышат. «18 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга вакцина сайбайбыз. Азыр кош бойлуулар дагы эмдөөдөн өтсө боло берет деген эксперттер пайда болду. Бирок, биз инструкция боюнча иштейбиз, ага ылайык балдарга жана кош бойлууларга вакцина сайылбайт»,-деди иммунолог.

Пикир

Оставить комментарий