• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19га каршы эмдөөгө кандай каршы көрсөткүчтөр бар?

COVID - 19 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Коронавируска каршы вакцина алууга каршы көрсөтмөлөрдүн атайын тизмеси бар. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев брифинг учурунда айтып берди.

Ал төмөндө эмдөөдөн өтүүгө каршы көрсөткүчтөрдү тизмектеди:

- кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;

- 8 жашка чейин;

- вакцинанын компонентине же башка вакциналардын окшош компонентине жогорку сезгичтик;

- мурунку катуу аллергиялык реакциялар, мисалы, анафилактикалык шок же Квинкенин шишиги.

Анын айтымында, бейтаптар курч оорулар жана өнөкөт оорулар күчөп кеткен учурда айыккандан соң 2-4 жумадан кийин эмдөөдөн өтсө болот. "Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда бейтап, анафилактикалык шок алып, дене табы 40градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди кѳтѳрѳ албай реакция жүргѳн болсо экинчи дозаны алганга болбойт", - деп билдирди Тургунбаев Жамал.

Пикир

Оставить комментарий