• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19га каршы эмдөө иммунитетке кандай таасир тийгизет? Дарыгердин жообу

COVID - 19 0

тБишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова брифинг учурунда COVID-19га каршы эмдөөнүн иммунитетке тийгизген таасири жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, иммундук система - денени инфекциялардан коргой турган механизм. «Эмдөө инфекцияга окшоштуруу аркылуу иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Инфекциянын бул түрү ооруну козгобойт, бирок иммундук системаны Т -клеткаларды жана антителолорду чыгарууга үндөйт»,-дейт ал.

Дарыгер белгилегендей, кээде эмдөөдөн кийин, ойдон чыгарылган (мнимая) инфекция дене табынын жогорулашы сыяктуу оорунун жеңил симптомдорун алып келиши мүмкүн. Демек, вакцинациядан бир аз мурун же эмдөөдөн кийин дароо инфекция жуккан адамда оорунун симпттомдору пайда болуп, вакцинанын коргоону иштеп чыгууга жетиштүү убактысы болбогондуктан ооруп калышы ыктымал. «Вакциналар ооруну азайтып, кээ бир учурларда бир нече жыл мурун адамдарды өлтүргөн же майып кылган көптөгөн ооруларды жок кылды. Мисалы, чечек 1978 -жылы жок кылынган, полиомиелит да жок кылынган»,-деди ал.

Асыкбекова ДССУнун маалыматына таянып, вакциналар жыл сайын 2-3 миллион адамдын өмүрүн сактап каларын айтты.

Пикир

Оставить комментарий