• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19га каршы эмдөө кантип таасир берет?

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Вакциналар организмдеги табигый коргонуу элементтери аркылуу ооруларга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Адам эмделгенде анын иммундук системасынын коргонууга жөндөмү артат. Анын жыйынтыгында денеге кирген вирус же бактерия сыяктуу микробду тааныйт. Антителолорду иштеп чыгат.

Антителолор - бул ооруларга каршы туруу үчүн адамдын иммундук системасы тарабынан табигый жол менен иштелип чыккан белоктор. Оорунун түрүн жана ага каршы күрөшүүнүн жолун жаттап калат. Адам ошол эле микробдун таасирине кабылган учурда, анын иммундук системасы оорунун белгилери байкалганга чейин жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Демек, вакцина ооруга чалдыкканга чейин организмдеги иммундук системанын сыркоолорго каршы таасирин күчөтүүчү, коопсуз жана акылдуу ыкма болуп саналат.

Биздин иммундук системабыз эстеп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Вакцинанын бир же бир нече түрүн алгандан кийин адатта, жылдар бою, ондогон жылдар бою, ал тургай өмүр бою оорулардан корголушубуз мүмкүн. Вакциналарды натыйжалуу кылган сапаты ушунда жатат. Оору пайда болгондон кийин аны дарылоонун ордуна, вакциналар биринчи кезекте илдетти алдын алат.

Пикир

Оставить комментарий