• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19га каршы эмдөө. Кыргызстандын вакцина алуусунан эмдөөсүнө чейин

Аналитика 0

Мындан бир жыл мурун дүйнөнү каптаган апаат бир катар жагдайларды өзгөрттү. Адамдын өлүмүнө алып келген илдет жолунда турган туруштуктарды талкалап, өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөттү. Ага карабастан ооруну жеңүүнүн айла-амалдары табылууда. Алсак, вируска каршы вакциналар биринин артынан бири чыгууда.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөн четте калбай COVAX программасына (вакцина боюнча глобалдык альянс) кирген. Анын алкагында өлкөгө жыл башында Pfizer вакцинасы сунушталган. Бирок аны сактоого мүмкүнчүлүк жок болгондуктан андан баш тартууга туура келген. Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин Оксфорд университети иштеп чыккан вакцина сунушталган. Кыргызстанга февраль айынын соңунда Улуу Британиянын AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы келмек.

Бул дагы вакцина колдонулбай калды. Марттын аягында келет деген AstraZeneca вакцинасынын Дания, Ирландия жана Нидерландия сыяктуу өлкөлөрдө терс таасири байкалгандыктан Кыргызстан аны алууну убактылуу токтоткон.

Көп күттүрбөй Кыргызстанга Кытайдан 19-мартта акысыз негизде COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

Нет описания.

SinoPfarm вакцинасын Кыргызстанга өткөрүп берүүдө премьер-министр Улукбек Марипов Кытай вируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда саналуу өлкөлөрдүн арасында ийгиликтерге жетише алгандыгын белгилеген.

“COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда”, - деген Марипов.

Нет описания.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 2 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова коронавируска каршы кимдер эмделбеши керектигин маалымдаган.

“Канында үчтөн ашык антитело бар адамдарга вакцина берилбеши керек. 18 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана эмизген аялдар, ошондой эле аллергиясы бар жарандар вакцина албашы керек”, - деп белгиледи дарыгер.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөөнүн биринчи этабы Бишкек, Ош шаарында, Сокулук жана Кант шаарында жүргүзүлөрүн билдирди.

"Өз ыктыяры менен макулдугун берген адам гана эмделет. Алгач жаранга вакцинанын 1-дозасын, анан 2-дозасын качан алары тууралуу жазылган форма берилет. Анда кайсы вакцина сайылары, анын таасири жөнүндө маалымат камтылган. Маалымдоо формасына кол койгондон кийин сурамжылоо баракчасы толтурулат. Анан эмдөө бөлмөсүнө кирет. Эмделген адамга карточка берилет. Карточкада вакцина алган адам тууралуу маалымат жазылат. Аягында байкоо бөлмөсүндө 30 мүнөт отуруп турат. Ошондой эле 3 күн катары менен жарандын абалы суралып турат", - деди ал.

Кошумчалай кетсек, вакцина эки дозадан алынат. Биринчи дозаны алгандан кийин 21-28 күн аралыгында экинчи доза сайылат.

Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын калк арасында ишенимди артыруу максатында Кыргызстанда алгачкылардан болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөн.

Нет описания.

Бир күндөн кийин министрдин абалы канааттандырарлык экендиги айтылган. Ошондой эле эмдөөнүн алгачкы күнүндө коронавируска каршы 100 адам вакцина алган.

Министрден кийин медицина кызматкерлери, мугалимдер, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 65 жаштан жогору курактагы жарандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөндөрдүн организми вакцинаны ар кандай кабыл алып жатканына токтолду.

“Бүгүнкү күндө 500дөй адам вакцина алды. Ар бир күнү эртең менен жана кечинде эмдөөдөн өткөн жарандардын абалын сурап турабыз. Вакцина алгандардын 2-3 пайызынын дене табы көтөрүлүүдө, 3,5 пайыз жарандардын башы ооруп жатат, 6-7 пайызында алсыздык байкалууда. Калгандарынын абалы жакшы”, - деп Бейшеналиев маалымат берди.

Эскерте кетсек, эмдөөнүн биринчи этабында SinoPharm кытай вакцинасы менен 75 миң адам эмделет.

Кыргызстанда 2-апрель саат 8:00гө карата COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 417 адам эмделди. Бир суткада 113 адам вакцина алды. Бишкекте жалпы 177, Ошто 173, Чүй облусунда 62 адам эмдөөдөн өттү.

Бирок ага карабай өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандардын саны азайбай келүүдө. Акыркы бир күндө коронавирус 162 адамдан табылса, 82 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 564 бейтап, амбулатордук түрдө 704 адам дарыланууда. Ал эми республика боюнча пандемия башталгандан бери 88 миң 700 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 979 киши айыгып чыкса, 1 миң 500 адам каза болду.

Ал эми Россиянын "Спутник V" вакцинасы өлкөгө качан келери тууралуу суроого саламаттык сактоо министри төмөнкүчө жооп кайтарды.

“Буга чейин Экономика жана каржы министрлигине вакцина алуу үчүн акча таап, Россиянын "Спутник V" вакцинасын алуу тууралуу тапшырма берилген. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө Россиянын вакцинасы өзүн оң жагынан көрсөткөндүктөн, бардык өлкөлөр аны сатып алууга ашыгууда. Ал эми Россиядагы завод аны өндүрүүгө жетишпей жатат. Биз "Спутник V" вакцинасын май, июнь айларында ала баштайбыз”, - дейт министр.

Нет описания.

Бейшеналиев Кыргызстанга аталган вакцинанын 500 миң дозасы акысыз негизде берилерин белгиледи.

Вакцинаны эле карап турбастан коронавирустун мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярдык көрүү жүрүүдө. 22-27-март аралыгында Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыгер жана медайымдардын топторуна кайрадан окутуулар өткөрүлдү. Ал топтордо инфекционист, пульмонолог, реаниматолог, кардиолог, педиатрлар, акушер-гинекологдор, терапевттер, үй-бүлөлүк дарыгерлер, неврологдор, эндокринологдор жана медицинанын башка багыттарынын өкүлдөрү бар.

Окутуунун жүрүшүндө консилиум аркылуу дарылоого, кычкылтек терапиясынын ар түрдүү режимин колдонуу менен оор жана өзгөчө оор бейтаптарды респиратордук колдоо боюнча иш жүзүндөгү көндүмдөргө, жогорку агымдагы кычкылтек терапиясына, өпкөнүн инвазивдик эмес вентиляциясы, андан тышкары, өпкөнү жасалма желдетүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Окутуу Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустары жана Бишкек шаарында уланып, 10-апрелге чейин жыйынтыкталат.

Адил Төлөгөнов

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий