• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19га каршы эмдөө сертификатын саткандар жазаланат - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясына каршы вакцинация боюнча кампаниянын жүрүшүнө жооптуу болгон бардык адистердин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү, анда ЖМКлардагы COVID-19га каршы эмдөө сертификатын сатуу боюнча журналисттик иликтөөнүн жарыяланышы талкууланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, анын жыйынтыгында министр комиссия түзүп, кыска аралыкта аталган журналисттик иликтөө боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жумуштан бошотууга чейин тартиптик чара көрүлүп, андан ары материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органсдарына берилет.

Министр ошондой эле жыйындын жүрүшүндө республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө кампаниясын талаптагыдай өткөрүү үчүн жеке жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

“Өлкө жетекчилиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги вакциналардын калкка жеткиликтүү болушу, жарандарыбыздын эмдөөдөн өтүшү жана COVID-19дан өлүмдөрдү азайтуу боюнча чоң иштерди жасап жатат. Мындай көрүнүштөр калктын эмдөө кампаниясына болгон ишенимин кетирүүдө. Андыктан күнөөсү далилденсе, күнөөлүүлөрдүн баары тиешелүү жазасын алышы керек, - деди Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий