• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19га каршы күрөшүүгө багытталган товарларга карата тарифтик жеңилдиктин мөөнөтү узартылды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.21. /Кабар/. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына бирликке мүчө-өлкөлөрдүн COVID-19 коронавирус инфекциясынын алдын алууга жана анын жайылышына каршы күрөшүүгө багытталган чараларын ишке ашырууда пайдаланылчу товарларды киргизүүгө карата тарифтик жеңилдиктин мөөнөтү 2022-жылдын 30-июнуна чейин узартылды. Мындай чечим Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, учурда көрсөтүлгөн товарлар категориясын ташууда бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти колдонуу 2021-жылдын 31-мартында аяктайт.

Ошондой эле «Ашыкча басым астында иштеген шаймандардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентке өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөрдө техникалык регламенттин аппаратын корректировкалоо, аны жайылтуу чөйрөсүн тактоо, ошондой эле аны пайдалануу тажрыйбасын эске алуу менен техникалык түзөтүүлөрдү киргизүү каралган.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү 2021–2022-жылдарга Евразия экономикалык бирликке мүчө-өлкөлөрдүн макроэкономикалык саясатынын негизги ориентирин, ЕАЭБ өлкөлөрүндө тышкы электрондук соода жаатындагы пилоттук долбоорлорду өткөрүүнүн айрым маселелерин, ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды пайдалануу тууралуу келишимдин долборун талкуулады.

«Идентификациялоо жолу менен тамекиге жана алкоголдук продукцияга маркировкалоо киргизүү жөнүндө» чечимдер кабыл алынган, ага ылайык, Кыргыз Республикасы өз аймагында идентификациялоо жолу менен алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын маркировкалоону улуттук мыйзамдарга ылайык киргизүүгө укуктуу.

Буга катар ЕАЭБде GMP өтүү мезгили узартылды – улуттук GMP-сертификатын 2024-жылдын соңуна дейре берүүгө мүмкүн.

ЕЭК Кеңеши "ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринде өнөр жай объектилеринин ишинин жана бөлүштүрүлгөн энергетиканын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу" аттуу евразиялык мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгууну, ошондой эле биримдиктин аймагында идентификациялык каражаттар аркылуу товарларды маркировкалоодо криптографиялык коргоонун бирлдиктүү механизмин киргизүүнү чечти.

Пикир

Оставить комментарий