• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19га каршы Республикалык штабдын кеңешмеси өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Өлкө боюнча электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам орун алган өзгөчө кырдаалга байланыштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров штабдын кезектеги кеңешмесин орун басары Эдил Байсаловго өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республикадагы эпидемиологиялык абал жана жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, жакынкы жумаларда жарандардын коронавирус инфекциясына чалдыгуусу кескин жогорулашы ыктымал.

Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, республиканын стационардык медициналык мекемелери электр энергиясы менен касыздоочу генераторлор менен камсыздалган жана электр жарыгынын кыска убакытка өчүүсү алардын ишине терс таасирин тийгизе албайт.

Эдил Байсалов саламаттык сактоо тутумун COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымалдыгына карай толук даярдыгын камсыздоону жана зарыл болгон учурда дарылоо мекемелеринде кошумча орундарды ыкчам ачуу, суюк кычкылтек станцияларын ишке киргизүү маселесин чечүүнү тездетүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди

Пикир

Оставить комментарий