• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19га каршы вакцина онкологиялык ооруга алып келеби? Академиктин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. COVID-19га каршы вакцина эч качан онкологиялык ооруга алып келбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында И.П.Павлов атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик медициналык университетинин иммунология кафедрасынын башчысы Арег Тотолян билдирди.

Анын айтымында, тескерисинче, онкологиядан коргой турган вакциналар бар.

“Мисалы БЦЖ вакциналары онкологиянын айрым түрлөрүн дарылоодо колдонулат, ал тургай кадимки дарылоого киргизилген. Коронавирустук инфекцияга каршы жаңы вакциналарды изилдөө жана иштеп чыгуу уланууда. Идеалдуу вакцинаны күтүп отурбашыбыз керек. Тилекке каршы, оорунун жана өлүмдүн өсүшү бизди отуруп күтүүбүзгө жол бербейт”, - деди ал.

Ал белгилегендей, Россиянын COVID-19 вакциналары адамдын ден соолугу үчүн коопсуз.

Пикир

Оставить комментарий