• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19га каршы вакцинаны сатып алуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат – Сурабалдиева

COVID - 19 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. COVID-19га каршы вакцинаны сатып алуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, Россияда өндүрүлгөн вакцина сыноодон өтүп, дарылоого уруксат берилген күнүнөн тартып Кыргызстанга алып келүү боюнча кат Россияга август айында жөнөтүлгөн.

"Вакцинанын көлөмү, алып келүү боюнча графиктери, Кыргызстанда каттоо процедурасы иштелип чыккан. Биздин адистер Россияга барып, “Спутник-5” вакцинасынын клиникалык сыноолору кандай өтүп жатканын көрүп, таанышып келген”, - деди ал.

Ошол эле учурда ал, өкмөт башка өлкөлөрдө өндүрүлүп жаткан вакциналардын сыноолоруна да байкоо салып жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий