• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19га ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керек? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Коронавируска каршы Республикалык штаб COVID-19га ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керектиги тууралуу маалымат таратты.

Изилдөө үчүн тамак безинен, таңдайдан жана алкым бездеринен мазок алынат. Алкым көңдөйүнөн мазок алганда зонд мурун көңдөйүнө жетишерлик терең киргизилет.

ПЧР-тесттин жыйынтыгынын аныктыгы мазок алуу эрежелерин сактоодон көз каранды.

Алкым бездеринен мазок алганга чейин 3 саат мурда:

  • тамактанууга
  • суюктук ичүүгө
  • тишти тазалоого
  • оозду/тамакты чайкоого
  • ооз көңдөйүн сергитүүчү спрей колдонууга
  • сагыз чайноого
  • чылым чегүүгө болбойт.

Мурун көңдөйүнөн тест үчүн мазок алганга чейин 3 саат мурда: мурунду жууганга, мурун үчүн спрей, тамчылатма, майларды колдонууга болбойт.

Тест үчүн мазок тапшырардын алдында 2 күн алкоголдук ичимдиктерди ичүү сунушталбайт.

Пикир

Оставить комментарий