• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID боюнча статистика. 18-январга карата 820 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 18-январга карата коронавирус 820 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 109, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 9 жана Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 153 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 967 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 770 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 191 миң 288 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 225 киши айыгып чыкса, 2 миң 836 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий