• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика. 398 жаңы учур катталып, беш адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 29-январга карата коронавирус 398 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 227, Чүй облусунда – 115, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 13, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 615 адам илдеттен сакайып чыкты, беш бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 835 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 186 миң 386 киши айыгып чыкса, 2 миң 872 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий