• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID боюнча статистика. 870 жаңы учур катталып, төрт адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 20-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 600, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 161, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 23 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 266 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1040 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 961 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий