• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери өлүм учурлары боюнча айтылган маалыматка тактоо киргизди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кечээ күнү коронавирустан каза болгондор боюнча айтылган статистикалык маалыматтарга тактоо киргизди.

Кечээ күнү өткөн маалымат жыйында ал коронавирустан каза болгондор боюнча башка өлкөлөр менен салыштыруу жүргүзүп, Кыргызстанда 1 млн адамга коронавирустан каза болгон 40 учур туура келерин билдирген.

Анын айтымында, кечээ статистикада айтылган маалыматты айрым маалымат агенттиктери туура эмес түшүнүп, министрлик сандарды азайтып жатат деп жазышкан. Үсөнбаев билдиргендей, ал жерде лабораториялык жол менен тастыкталган коронавирустан каза болгон (клиникалык эпидемиологиялык жол менен тастыкталган учурларды (пневмония) эсептебегенде) учурлар боюнча салыштыруу болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча лабораториялык жол менен тастыкталган коронавирустан 264, клиникалык жол менен тастыкталган коронавирустан 796 киши каза болгон.

"Өткөн брифингде 1 млн адамга туура келген өлүм учурлары боюнча салыштырма маалыматтар айтылган. Аларды салыштыруу үчүн биз башка өлкөлөр менен окшош көрсөткүчтөрдү карашыбыз керек. Ошондуктан салыштыруу жүргүзүү үчүн лабораториялык жол менен тастыкталган коронавирустан каза болгондор боюнча көрсөткүч алынып, ал боюнча 1 млн кишиге 40 өлүм учуру туура келген. Лабораториялык жол менен тастыкталган коронавирус жана клиникалык эпидемиологиялык жол менен тастыкталган учурлар боюнча 1 млн адамга 162 учур туура келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий