• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID.KG – Ѳлкѳдѳгү коронавирус менен байланыштуу кырдаал жѳнүндѳ бирдиктүү маалыматтык аянтчасы өз ишин улантууда

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Кыргызстандагы коронавирус менен байланыштуу кырдаал жѳнүндѳ бирдиктүү маалыматтык аянтча - COVID.KG жаңыртылган сайты ишке киргизилди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымат аянтчасында Кыргызстандагы коронавирус менен байланыштуу учурдагы кырдаал жѳнүндѳ бардык негизги расмий маалыматтар берилген.

Башкача айтканда, Кыргызстандагы коронавирус менен байланыштуу кырдаал жѳнүндѳ статистикалык маалыматтар, ачылган стационарлар жѳнүндѳ, пандемияга каршы күрѳштүн алкагында ѳткѳрүлүп жаткан иш-чаралар жѳнүндѳ, республикадагы акыркы жаңылыктар жана башкалар жѳнүндѳ маалыматтар камтылган.

Ошондой эле маалымат аянтчасынан дарыгерлердин сунуштарын, ыктыярчылардын иш-аракеттери тууралуу маалыматтарды, мамлекеттик органдардын гуманитардык жардамдар жѳнүндѳ отчетторун, коронавирустун жайылуусу боюнча дүйнѳлүк статистиканы табууга болот. Онлайн-ресурс коронавируска каршы күрѳш боюнча Республикалык штабдын тапшыруусу менен ата мекендик айти-адистери тарабынан элдин маалыматтуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Онлайн-ресурс https://covid.kg/ шилтемеси аркылуу жеткиликтүү болот. Ресурс мамлекеттик органдардын маалыматтар базасы менен интеграцияланган жана ар дайым жаңыланып турат.

Коронавируска каршы күрѳш боюнча учурдагы кырдаалдар тууралуу элдин маалыматтуулугун кѳтѳрүү жана коронавируска каршы күрѳш боюнча Республикалык штабдын ишине колдоо кѳрсѳтүүчү толук расмий маалыматтарды алуу максатында бирдиктүү маалыматтык аянтча - https://covid.kg/. ишке киргизилген. Бул ресурста ыңгайлуу жана түшүнүктүү форматта тѳмѳндѳгү расмий маалыматтар берилген:

Илдеттен айыгып чыккандар жана ооруп калгандар жѳнүндѳ актуалдуу жана расмий статистикалык маалыматтар – аянтчага илдетке байланыштуу ошол күндѳгү кырдаал жѳнүндѳ маалыматтар чыгарылган. Оорудан айыгып чыккандардын саны, жугузуп алгандар, каза болгон учурлар.

Сайтка ошондой эле график түрүндѳгү жана Кыргызстандын картасы түрүндѳгү, маалыматтарды күндѳргѳ, облустарга, райондорго чейин бѳлүштүрүү менен майдасына чейин толук берген маалыматтар жана башкалар коюлган.

Маалыматтар күн сайын жаңыланып турат.

Ачылган стационарлар жѳнүндѳ – белгилүү болгондой IT адистери жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматчылары тарабынан стационарлардын жана бош (бош эмес) орундардын санынын интерактивдүү картасы иштелип чыккан жана ишке киргизилген.

COVID.KG бирдиктүү маалымат аянтчасы map.covid.kg интерактивдүү картасы менен интеграцияланган жана жарандар ошондой эле республика боюнча ачылып жаткан стационарлар жана андагы орундар тууралуу дагы маалыматтарды ала алышат.

Азыркы учурда санариптик чечим ишке ашырылган, ошондон улам карта аркылуу азырынча Бишкек шаары менен Чүй облусундагы бул же тигил стационардагы бош орундарды, медициналык кызматчылардын санын, техникалык жактан болгон жабдуулоону кѳрүүгѳ болот.

Пандемияга каршы күрѳштүн алкагында ѳткѳрүлүп жаткан иш-чаралар жѳнүндѳ, акыркы расмий жаңылыктар жѳнүндѳ – маалыматтык аянтча коронавируска каршы күрѳштүн алкагында ѳткѳрүлүп жаткан бардык иш-чаралар боюнча расмий маалыматтар камтылган бирдиктүү маалымат аянтчасы болуусу керек. Ошого байланыштуу сайтта Республикалык штабдагы, мамлекеттик органдардагы жана ѳнѳктѳштѳрдѳгү бардык акыркы жаңылыктар жайгаштырылат.

Санарип чечимдердин тизмеси – ошондой эле маалымат аянтчасында коронавируска каршы күрѳштүн алкагында иштелип чыккан, санарип чечимдердин тизмеси берилген, мисалга - MED.TUNDUK (дарыгерлердин бардык ѳтүнмѳлѳрү – зарыл керектүү нерселер, кыйынчылыктар жана башка кѳптѳгѳн маалыматтар), BIRGE.PRO (Ыктыярчылар жардамынын координациялык аянтчасы, Азык-түлүк жагынан жардамдын ѳтүнмѳлѳрү, HI.DOCTOR).

Ыктыярчылар иш-аракеттери жѳнүндѳ маалыматтар – ыктыярчылар уюмдары менен ѳнѳктѳштүктѳ иштѳѳнүн алкагында «Ыктыярчылар иш-аракеттери» бѳлүгү ишке киргизилген. Бул бѳлүктѳ мамлекеттин ѳнѳктѳштѳрүнѳ – ыктыярчыларга ѳздѳрү жѳнүндѳ (байланыш телефондор ж.б.) расмий маалыматтарды шилтемелери менен алардын расмий баракчасында жайгаштыруу, ошондой эле алар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу жаңылыктарды сүрѳттѳр жана видео-материалдар менен жайгаштыруу сунушталат.

Гуманитардык жардамдар жѳнүндѳ отчеттор – ошондой эле расмий аянтчада бул маселенин актуалдуулугуна байланыштуу «Гуманитардык жардамдар жѳнүндѳ отчеттор» бѳлүгү берилген. Бул бѳлүктѳ мамлекеттик органдар алынган гуманитардык жардамдар жана алардын бѳлүштүрүлүшү жѳнүндѳ маалыматтарды жана отчетторду жайгаштырышат. Азыркы учурда аянтчага үч – Саламаттык сактоо министрлигинин, Финансы министрлигинин жана Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин отчеттору жайгаштырылган.

Бул бѳлүк дагы мамлекеттик органдардын тиешелүү отчетторду даярдоолоруна жараша актуалдуу маалыматтар менен толукталып турат.

Дүйнѳлүк статистика – аянтчада эң кадыр-барктуу маалыматтык аянтчалардын – Дүйнѳлүк саламаттык сактоо уюмунун, Джон Хопкинс институтунун шилтемелери берилген. Ошондой эле сайтта virus.el.kg илдетинин статистикасы боюнча ата мекендик иштеп чыгуулар берилген.

Дарыгерлердин сунуштары – СOVID.KG ошондой эле атайын – дарыгерлердин сунуштары бѳлүгү каралган. Бул абдан маанилүү, анткени мессенджерлер менен социалдык тармактар ѳнүгүп жаткан мезгилде, элдер дарылануу жана калыбына келүү боюнча ѳздѳрүнѳ зыян алып келүүчү фейк маалыматтар менен билдирүүлѳргѳ, туура эмес сунуштарга ишенип калуусу мүмкүн. Ошондуктан аянтчада кесипкѳй дарыгерлердин жана адистердин билдирүүсүндѳгү сунуштар берилген.

Ошондой эле бул бѳлүктѳ Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген дарылануунун протоколдору жайгаштырылат. Натыйжада региондордогу дарыгерлер бул маалымат сайтынын жардамы менен илдеттен айыктыруу протоколу боюнча расмий документтерди ала алышат жана иш-аракетинде пайдаланышат.

Аянтчада баардык суроолор боюнча кайра байланыш мүмкүнчүлүгү каралган. Ал үчүн «Биз менен байланыш» кнопкасын басуу жана тиешелүү форманы толтуруу гана жетиштүү болот, ошондо билдирүү автоматтык түрдѳ дарегине келип түшѳт.

Андан тышкары, аянтчада атайын сурамжылоо жайгаштырылган, ал аркылуу берилген маалыматтардын сапатына жана толуктугуна талдоо жүргүзүүгѳ болот, жыйынтыгында бул же тигил маалыматтын сапатын же жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат. Ѳлкѳбүздүн ар бир жаранын, сайтты пайдалануучусун иштелип чыгып жаткан маалыматтык аракеттердин сапатын жакшыртууга салым кошуусуна чакырабыз.

Жаңы маалыматтык системалардын иштелип чыгышы жана ишке киргизилишине жараша жарандарга ыңгайлуулукту түзүү үчүн COVID.KG жаңы маалыматтар жана шилтемелер менен толукталып турат.

Маалыматтарды актуалдаштыруу үчүн – КРнын Саламаттык сактоо министрлиги, коронавируска каршы күрѳш Республикалык штабы, Маалыматтык штаб жооптуу.

Пикир

Оставить комментарий