• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

COVID.KG жаңыртылган сайты ишке кирди – КРдагы коронавируска байланыштуу бирдиктүү маалыматтык аянтча

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу бирдиктүү маалыматтык аянтча – COVID.KG жаңыртылган сайты ишке киргизилди. Ал жерде мамлекеттик органдар жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө бардык маалыматты жайгаштырат жана бардык кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат.

Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар келтирилген:

  • айыккан жана ооруп калган адамдар жөнүндө акыркы жана расмий статистикалык маалымат,
  • ачылган стационарлар тууралуу,
  • пандемияга каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу,
  • акыркы жаңылыктар
  • Ыктыярчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат
  • Гуманитардык жардам боюнча отчеттор
  • Дүйнөлүк статистика
  • Дарыгерлердин сунуштамалары

Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, бул аянтчада берилген маалыматтын сапаты боюнча атайын сурамжылоо жайгаштырылган.

Онлайн ресурс төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Ресурс жооптуу органдардын маалымат базалары менен интеграцияланган жана маалымат эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен максималдуу иштөө принцибине ылайык үзгүлтүксүз жаңыланып турат.

Пикир

Оставить комментарий