• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

CPJ тажик бийлигин КВН командасынын жетекчисин бошотууга чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитетинин" (CPJ) аткаруучу директору Роберт Махони тажик бийлигин журналист жана КВН командасынын жетекчиси Хайрулло Мирсаидовду абактан бошотуп, ага коюлган айыптарды алып салууга чакырды.

"Эркин медиа же сынчыл көз караш дээрлик угулбаган жерлерде Мирсаидов сыяктуу журналисттер жалган жалаа менен камалгандын ордуна маанилүү иши үчүн баркталышы керек" деп айтылат анын 13-декабрда тараткан билдирүүсүндө.

Күн мурун Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму менен Норвегиянын Хельсинки комитети Хайрулло Мирсаидовдун ишин адилеттүү тергөө жана аны бошотууга чакырышкан. Укук коргоочулар Мирсаидовго кылмыш иши ал жергиликтүү бийликтин коррупциясы боюнча иликтөө жүргүзүү чакырыгы менен президентке кайрылгандан кийин козголгондугун белгилешкен.

8-декабрда Мирсаидовго мамлекеттин каржысын ыксыз сарптоо, жалган документ, милицияга жалган маалымат берүү жана диний, улуттук кастыкты козутуу боюнча айыптар тагылган. Журналисттин атасы Хабибулло Мирсаидов уулу бул айыптарды четке какканын билдирүүдө.

39 жаштагы Мирсаидов президентке, башкы прокурорго жана Согдинин губернаторуна Хужант шаарындагы аткаминерлердин жемкорлугун тыюуну өтүнүп ачык кат жазгандан бир нече жумадан кийин кармалды.

Журналист КВН командасынын Москвага барып келишин каржылоого убада берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү андан 1000 доллар пара талап кылышканын баса көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий