• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институту президенттин карамагына өттү

Президент 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мекеме катары аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (мындан ары – Институт) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагынан чыгарылсын.
  2. “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту” мекемеси “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту” мекемеси болуп кайра аталсын.
  3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Институттун уставы 1-тиркемеге ылайык;

2) Институттун штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;

3) Институттун директорунун жана негизги персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка.

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Институттун негизги персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффиценттери 3-тиркемеге ылайык;

2) Институттун негизги персоналына эмгек өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпулду төлөө;

3) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысын төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын.

Пикир

Оставить комментарий