• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Cузакта жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылында жоголуп кеткен 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июлда болжол менен саат 12:30дар чамасында аталган айылдагы Жолдош-Ата эс алуучу жайында ойноп жаткан жеринен 2013-жылкы А.Х., аттуу кыз жоголуп кеткен.

Кыздын жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге саат 20:40тар чамасында келип түшкөн.

Издөө иштеринин жыйынтыгында бүгүн саат 11:30 чамасында 5 жашар кыздын жансыз денеси Кара-Алма суусунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Жалпысынан издөө иштерине 23 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий