• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дүйнө биринчилиги – 2022: Катарда өтө турган футбол биринчилигинин расмий эмблемасы тартууланды

Спорт 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин логотибин сунуштады.

Логотиптин тааныштыруу аземи футбол боюнча Дүйнө биринчилиги өтө турган Катар өлкөсүндө жана дүйнөнүн 23 шаарында өткөрүлдү.

Эмблема кочкул кызыл түстө болуп, бири-бирине кошулган "2" саны ак түскө боёлгон. Ал сүрөттө чыгыш аялдары колдоруна тартып алган чийимдердин элесин чагылдырып турат.

Логотип жергиликтүү саат менен 20:22де Катардын борборундагы алты белгилүү имараттарында илинген. Ошол эле убакта, логотиптин көрсөтүүсү Таймс-Сквер, Нью-Йорк, Париж, Берлин, Лестер-сквер, Лондон, Мадрид, Милан, Москва өлкөлөрүндө өткөн.

Логотиптин расмий тааныштыруу аземи Аргентина, Бразилия, Мексика, Чили, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Индия, Түркия жана араб өлкөлөрүндө өттү.

Белгилей кетсек, Катар өлкөсү алгачкы жолу футбол боюнча Дүйнө биринчилигин кабыл алып жаткан араб өлкөсү. Биринчилик 2022-жылы ноябрь, декабрь айларында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий