• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнө биринчилигине тандоо туру: 5-сентябрда Кыргызстандын курамасы Тажикстан менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигине жана Азия Кубогуна (2023-ж.) тандоо турунун алкагында 5-сентябрь күнү Кыргызстандын курамасы Тажикстан менен ойнойт.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттеш Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде, борбордук стадиондо болуп өтөт. Оюн саат (Бишкек сааты боюнча) 20:00дө башталат.

Кыргыз Республикасынын курамасы:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (баары – «Дордой» клубу)

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия), Мустафа Юсупов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Айзар Акматов (баары – «Дордой» клубу), Андрей Долженко («Илбирс» клубу);

Жарым коргоочулар: Ахлидин Исраилов, Бактияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (баары – «Дордой» клубу), Турсунали Рустамов («Хужанд» клубу, Тажикстан), Одилжон Абдурахманов («Алай» клубу), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия);

Чабуулчулар: Абай Боколеев («Илбирс» клубу), Виталий Люкс («Ульм 1846» клубу, Германия), Эрнист Батырканов («Дордой» клубу), Мирлан Мурзаев («Доган Т.Б.» клубу, Түндүк Кипр).

Эскерте кетсек, тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япония менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий