• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнө чемпионаты-2022: Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Дүйнө чемпионаты-2022 жана 2023-жылдагы Азия Кубогунун жолдоштук жана тандоо оюндарына КР футбол курама командасын даярдоо жана катышуусун уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында стадиондо коомдук тартипти камсыздоо, кысылыштын алдын алуу, стадионго билетсиз киргендерге жол бербөө маселелери талкууланды. Оюндар өткөн күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан бир катар көчөлөрдө унаа кыймылы жабылат.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын төрагасы маалымдагандай, федерация өткөн оюндагы эреже бузууларга тийиштүү FIFA дисциплинардык комитетинин чечимин күтүп жатат. Кыргызстан жана Мьянманын курамаларынын ортосундагы беттеш учурунда күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан. Эми Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы бул окуя үчүн санкция күтүүдө, анын ичинде комитет акчалай айып же оюндарды стадиондо күйөрмандардын катышуусу менен өткөрүүгө тыюу салуусу мүмкүн.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө футбол өнүгүүдө жана спорттун бул түрүнө болгон кызыгуунун өсүшү байкалууда.

«Биздин күйөрмандар Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын тандоо оюндарын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Командабыз турнирдин кийинки баскычына чыгат деген ишеним жана үмүтүбүз бар. Балдар мыкты оюн жана жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Биз өз кезегинде көмөк көрсөтүп, бардык уюштуруучулук маселелерди чечип, стадионду тиешелүү деңгээлде даярдоого тийишпиз», – деди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, дүйнө чемпионатынын тандоо баскычынын оюндарын өткөрүүдө Кыргызстанга атаандаштар гана эмес, алардын күйөрмандары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да келишет. Ошондуктан стадионду иретке келтирип, коопсуздук чараларын талаптагыдай камсыз кылуу керек.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Кыргызстан жана Япониянын курамаларынын ортосундагы мелдеш күйөрмандардын толкундануусун жаратышы мүмкүндүгүн айтып, стадиондо жана анын тегерегинде коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларына ишендирди.

Белгилүү болгондой, квалификациялык раунддун тандоо оюндарында Кыргызстандын улуттук курамасы Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянманын командалары менен F тобуна кирген.

Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар Мамлекетинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий