• 84.79
  • 96.61
  • 1.11

Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын 10:0 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 05.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөштү. Айпери Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алды.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев аталган мелдештин финалына чыккан. Ал эми Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырган.

Пикир

Оставить комментарий