• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде жеңишке жетти.

Тыныбекова биринчи кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла менен күч сынашып, атаандашын 8:0 эсебинде утту.

Эми ал кийинки айлампада Япония менен Германиянын спортчуларынын таймашында жеңген балбан менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий