• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова экинчи беттешинде япониялык балбан кызды жеңди

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова экинчи беттешинде япониялык балбан кызды жеңди.

Кармаштын экинчи бөлүгүндө Тыныбекова атаандашын далысына басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла менен күч сынашып, атаандашын 8:0 эсебинде уткан.

Эми ал кийинки айлампада Нигерия менен Украинанын спортчуларынын таймашында жеңген балбан менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий