• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова япон кызга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 12.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.

Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анда кыргыз кызы германиялык Луиза Нимешти 4:0 эсебинде артта калтырды.

Жарым финалда Айсулуу япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Бул кармашта япон спортчусу күчтүүлүгүн көрсөтүп, упайдын аркасынан упай алып жатты. Жыйынтыгында 11:5 эсебинде Озаки финалга чыкты. Ал эми Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылкы дүйнө чемпионаттын 1/8 финалында дагы япониялык Нонока Озаки менен килем үстүнө чыккан. Анда Тыныбекова атаандашын 6:4 эсебинде утуп, чемпионаттын алтын медалын тагынган.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий