• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 10.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышууда. Ал алгач бразилиялык балбанды 11:1, кийин мексикалык спортчуну 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда кыргыз балбаны түркиялык Юнус Эмре Башарды 9:7 эсебинде артта калтырып, чемпионаттын жарым финалына өткөн. Жарым финалда Акжол кореялык Ким Хён У менен кармашып, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Эми Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болуш үчүн финалда венгриялык Золтан Леваини утушу керек. Финалдык күрөшүү эртең, 11-сентябрда болот.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда дагы Махмудов кореялык Ким Хён У менен жарым финалда кез келген. Ал мелдеште кыргыз балбаны бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий