• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дүйнө чемпионаты: Англия – Иран 6:2, Уэльс менен АКШ тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Акыркы суткада А жана В тайпадагы бир катар оюндар орун алды.

Алгач В тайпасындагы Англия менен Ирандын командалары оюн өткөрүп, 6:2 эсебинде ирандыктар жеңилүү ызасын тартты. Аталган тайпадагы экинчи жуп Уэльс менен АКШ болду. Алардын беттеши 1:1 менен аяктады. Учурда В тайпасында Англия 3 упайы менен биринчи орунда турат.

Ал эми А тайпасында Нидерланд менен Сенегалдын курамалары оюн талаасына чыгып, нидерландык футболчулар 2:0 эсебинде жеңишти илип кетти. А тайпасында Нидерланд менен Эквадордун командалары 3 упай менен алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий