• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйнө чемпионаты: Эламан Догдурбек уулу алгачкы атаандашын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрь күнү, Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эламан Догдурбек уулу биринчи кармашында атаандашын жеңди

Эламан Догдурбек уулу кытайлык атаандашын кармаштын акыркы секунддарында далысына басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий