• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстан ири айырма менен Малайзияны артта калтырды

Спорт 0

Бишкек, 05.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 5-мартта, Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Малайзиянын командасына каршы оюн өткөрдү.

Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өтүүдө.

Малайзиянын оюнчулары Кыргызстандын курамасы үчүн жеңил атаандаш болгону оюндун биринчи бөлүгүндө байкалып, эсеп 6:0 менен аяктады. Ал эми экинчи бөлүктө кыргызстандык оюнчулар алдыга озуп, эсепти 16:1ге өзгөрттү. Үчүнчү бөлүктө Малайзиянын дарбазасына 6 гол кирди. Оюн 22:1 эсебинде аяктады.

Кийинки оюн 7-мартта саат 20:00дө шаардык муз аянтында болот. Анда кыргызстандык хоккейчилер Сингапурдун командасына каршы беттешке чыгат.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен муз талаасына чыгып, 13:1 эсебинде ирандык оюнчулар жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Малайзия Кувейтти 5:2 эсебинде утуп алган.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашууда.

4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий