• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дүйнө чемпионаты: Роналдунун командасы Гананы 3:2 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Португалия менен Гананын курама командалары беттеш өткөрдү.

H тайпасында жайгашкан командаларынын оюну 3:2 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады.

Оюндун биринчи таймында топко Португалиянын командасы көпкө ээлик кылганы менен гол киргизе алган жок. Ал эми экинчи тамдын 65-мүнөтүндө Гананын дарбазасына карата 11 метрлик сокку белгиленди. Аны Португалиянын капитаны Криштиану Роналду ишке ашырып, эсепти ачты. Бирок көпкө өтпөй ганалык оюнчу Айю эсепти 1:1ге өзгөрттү.

Оюндун 78 жана 80-мүнөтүндө Феликс жана Леао Португалиянын командасына эки гол алып келди. Эсеп 3:1. Беттештин соңку убактысында, 89-мүнөтүндө Гананын футболчусу Букари атаандашынын дарбазасына гол киргизгенге жетишти.

Белгилей кетсек, Португалиянын кийинки атаандашы Уругвайдын курамасы болуп, ал менен 29-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 01:00дө беттешсе, Гана Түштүк Корея менен 28-ноябрда саат 19:00дө оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий